Өзбекстанга 132 баш асыл тукум майда малды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар кармалышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын аймагынан майда малдар сатылып алынып, Өзбек жарандары тарабынан жасалма документ жасоо менен мамлекеттик чек аранын начар кайтарылган тилкелери аркылуу Сох анклавынын аймагына жөнөтүлгөн.
Андан соң Кадамжай району аркылуу транзиттик товар катары андан ары сатуу үчүн Фергана облусунун аймагына жөнөтүлгөн. Учурда контрабанда менен алектенген делип 2 Кыргыз жараны жана 1 Өзбек жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.