
Мамлекеттик "Асман Эйрлайнс" авиакомпаниясы Бишкек-Нарын багыты боюнча алгачкы жүргүнчү каттамын аткарды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун жетекчиси
Манасбек Самидинов билдирди.
Маалыматка караганда, Нарын аэропортунун жаңыланган имаратынын расмий ачылышы 8-сентябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтөт.
"Кыргызстан аэропорттору" ААК аймактардын байланышын жакындатып, эл менен экономика үчүн жаңы жолдорду ачып, кыргыз авиациясынын тарыхында жаңы баракты жазып жатабыз",- деп жазды ал.
Белгиленгендей, каттам ар жуманын бейшемби күндөрү аткарылат.