Биз социалдык тармакта

"Кантип операция жасайсыңар?" Оштун мэри медфакка барса, студенттердин теңинен көбү жок (видео)

Бүгүн, 4-сентябрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Ош мамлекеттик университетинине текшерүүгө барды.

Анда ал медицина факультетинде студенттерге өтүп жаткан лекцияга да катышты. Ал жерден лекцияга катыша турган 140 студенттин 36сы гана отурганы айтылды. Буга мэр нааразы болду.

"Демек, 100 студент жок. Болгондо да медициналык факультет. Кыздар, балдар, эртең дарыгер болсоңор кантип операция жасайсыңар? Кантип жарандарды дарылайсыңар? Болбойт мындай",- деди ал.

04.09.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан