Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп Канат Сагынбаев дайындалды. Тиешелүү тескемеге бүгүн, 4-сентябрда президент Садыр Жапаров кол койду.
Белгилей кетсек, Сагынбаев эмгек министринин милдетин аткаруучу болуп 25-августта дайындалган. Кечээ, 3-сентябрда Жогорку Кеңеште Сагынбаевди эмгек министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралып, колдоо тапкан.