Индиянын Нью-Дели борборунда 8 эркек Даниядан келген 51 жаштагы турист айымды зордуктап салышты. Бул тууралуу 15-январда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, айым мейманканасын издеп жүрүп адашып калган. Жергиликтүү жарандардан жардам сураганда, алар аны башка районго, тагыраак айтканда, Коннот-Плейске алып барып зордуктап салышкан. Андан соң кылмышкерлер айымдын уюлдук телефонун, жанындагы акчасын жана iPad`ын алып, из жашырышкан. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, Индияда зордуктоо эң негизги көйгөйлөрдүн бири болуп эсептелинет. Статистикага таянсак, ар 20 мүнөт сайын бир айым сексуалдык зомбулукка кабылат. 2013-жылы АКШнын жана Швейцариянын туристтери да зордукталган.