Белгилүү италиялык Armani мода үйүнүн негиздөөчүсү, дизайнер Жоржио Армани 91 жашында каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат агенттиктери жазышууда.
Маалыматта дизайнердин өлүмүнүн себеби ачыкталган эмес.
Армани 1934-жылы 11-июлда Италиянын түндүгүндөгү Пьяченца шаарында туулган. Ал 1974-жылы алгач ирет өзүнүн аты менен коллекциясын сунуштап, 1975-жылы досу, архитектор Сержио Галлеоти менен "Армани" компаниясын негиздеген.