Ысык-Көл районуна караштуу Өрнөк айылында наркы 78 миллион сомду түзгөн бала бакча курулууда. Азыркы тапта имараттын курулушу 90 пайызга бүткөрүлүп калганын Курулуш министрлиги билдирди.
Курулуш иштери былтыр башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып келет.
Долбоорго ылайык, бала бакча 100 орунга ылайыкталган, заманбап шарттары бар эки кабаттуу имараттан турат. Жалпы аянты 946 чарчы метрди түзөт.