Биз социалдык тармакта

Оросбек Айдаров "Учур" театрынын көркөм жетекчиси болуп дайындалды

Мамлекеттик “Учур” жаштар театрынын көркөм жетекчиси болуп Оросбек Айдаров дайындалды. Бул тууралуу Маданият министрлиги бүгүн, 4-сентябрда билдирди.
Ал буга чейин Ш.Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрынын көркөм жетекчиси болуп иштеген.
Оросбек Айдаров 1960-жылы Чүй облусунун Сокулук районундагы Төш-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. 1983-жылы Москвадагы А.В.Луначарский атындагы театралдык искусство институтун бүтүргөн.
Эмгек жолу:
  • Ошол жылы чыгармачылыктагы эмгек жолун К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук драма театрынан баштаган.
  • 1990-1993-жылдары Б.Кыдыкеева атындагы Республикалык жаш көрүүчүлөр театрынын артисти;
  • 1993-1994-жылдары Кыргызстандын театралдык ишмерлер союзунун вице-президенти;
  • 1994-2000-жылдары Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын орун басары;
  • 2010-жылы К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын директору;
  • 2010-2021-жылдары Ш.Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрынын директору;
  • 2021- 2025-жылдын 2-сентябрына чейин Ш.Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрынын көркөм жетекчиси.
Наамдары:
  • Кыргыз ССРнин театралдык коомунун Президиумунун 1-даражадагы диплому (1994-жыл);
  • “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамы (1996-жыл);
  • Кыргыз Республикасын Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1986-жыл);
  • Ч.Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты (2006-жыл);
  • Маданияттын мыкты кызматкери төш белгиси (2009-жыл);
  • Эл аралык Түрксой уюмунун төш белгиси (2024-жыл).
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан