Биз социалдык тармакта

Бразилияда футболчу оюндан кийин каза болгон

Бразилияда футзал боюнча турнирде Пиксе каймана аты менен белгилүү болгон дарбазачы Антонио Эдсон дос Сантос Соуза каза болду. Бул тууралуу CNN телеканалы билдирди.

Окуя Пара штатынын түндүк-чыгышында жайгашкан Аугусту-Корреада болгон.

Маалыматтарга караганда, спортчу пенальти соккусун көкүрөгү менен тоскон. Кийин жеңишин майрамдоо үчүн командалаштары менен бара жатып, күтүүсүздөн эсин жоготуп жыгылган.

Футболчу ооруканага жеткирилген, бирок дарыгерлер аны сактап кала алышкан эмес. Өлүмдүн расмий себеби азырынча айтыла элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан