Оштун Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүндө 12,30 гектар жер тилкеси мыйзамсыз жеке жактарга сатылып кеткендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Андыктан тишешелүү чаралар көрүлүп, натыйжада Беш-Мойнок участкасында жайгашкан баасы 404 миллион 511 миң сомду түзгөн күнөскана 12,30 гектар жери менен биргеликте мамлекеттин менчигине кайтарылган.