АКШнын президенти Дональд Трамп жакында Орусиянын лидери Владимир Путин менен сүйлөшүүнү пландап жатканын билдирди.
Ага Ак үйдө журналисттер менен болгон жолугушуусунда "Путин менен жакын арада сүйлөшүү пландалып жатабы?" деген суроо узатылган.
"Ооба, муну жасайм. Бизде абдан жакшы диалог болгон",- деп жооп бергенин чет элдик басылмалар жазышты.
Белгилей кетсек, 16-августта Аляскада Трамп менен Путин жолугушкан. Анда лидерлер Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу маселесин талкуулашкан.