Биз социалдык тармакта

Чүйдө 2,2 гектар көлмө мамлекеттик менчикке кайтарылат

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан Москва районуна караштуу Ак-Суу айыл аймагында жайгашкан көлмөгө байланышкан мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, "Марьям" кооперативи 1995-жылдан бери жалпы аянты 2,2 гектар болгон көлмөгө мыйзамсыз ээлик кылып келген.

Учурда Москва райондук администрациясынын жана райондук прокуратуранын көмөгү менен аталган көлмөнү мамлекеттик менчикке кайтаруу иштери жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан