Биз социалдык тармакта

Тоолуу аймактагы тургундар кийинки жылдан тарта жөлөк пул алышат

2026-жылдын 1-январынан тартып бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда жашаган тургундарга ай сайын жөлөк пул бериле баштайт. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жөлөк пул өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарында жашагандарга да берилмекчи. Тагыраагы, үй-бүлөлөрдүн үчүнчү жана андан кийинки төрөлгөн ар бир баласына төлөнөт. Долбоордо бала 3 жашка чыкканча 3000 сомдон берүү сунушталган.
Жөлөк пул үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалына карабастан жана райондук коэффициентти эске албастан дайындалат. Эмгек министрлиги бул мыйзамды ишке ашыруу үчүн ченемдик укуктук актынын долбоору даярдалып, президенттин администрациясына кароого жөнөтүлгөнүн белгиледи.
Министрлик мындай демилге үй-бүлөлөргө социалдык колдоо көрсөтүү максатында көтөрүлүп жаткандыгын кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан