Биз социалдык тармакта

EJOI-2025: Кыргызстандык окуучулар информатика олимпиадасынан үч коло медаль алышты

29-августтан 4-сентябрга чейин Болгариянын Шумен шаарында IX Европа өспүрүмдөр информатика олимпиадасы (EJOI 2025) өттү. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Агартуу министрлиги билдирди.
Олимпиадага 24 өлкөдөн 15 жашка чейинки окуучулар катышты. Кыргызстандан бул олимпиадада 4 окуучу катышып, алардын үчөө коло медаль алды.
Коло медаль алган окуучулар:
  • Эмирхан Сыдыкбаев, "Газпром Кыргызстан" мектебинин 8-классынын окуучусу (Бишкек шаары);
  • Актан Мавлянов, Intellect Pro мектебинин 9-классынын окуучусу (Бишкек шаары);
  • Аруубек Баймырзаев, "Акылман" президенттик лицейинин 9-классынын окуучусу (Чолпон-Ата шаары).
Кыргызстан Эл аралык мектебинин 8-классынын окуучусу Абдувалиев Бектен (Ош шаары) катышуу сертификатын алды. Аны олимпиадага Мирбек Бакиров даярдаган.
Эмирхан Сыдыкбаев менен Актан Мавляновду олимпиадага Медербек Осмонов даярдаган. Аруубек Баймырзаевди болсо олимпиадага Медербек Осмонов менен Эрбол Жусупбеков даярдаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан