Баткен шаарынын “Жаштык” жана “Жеңиш” парктарында курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүк билдирди.
Буга чейин парктын жер иштери жасалды. Тагыраагы:
-жер асты менен электр энергиясы тартылды
-таза суу, сугат суу, саркынды суу системдери толугу менен курулуп бүттү
-жарыктандыруу линиялары жасалды
-фонтан толугу менен курулуп бүтүп, сыноодон өттү
-калкты тейлөөчү соода түйүндөр курулуп, бардык керектүү коммуникациясы киргизилди
-керектүү курулуш материалдары жана жабдуулары толугу менен ташылып келинди
-сугат суу ноолору орнотулууда
-35 метр узундуктагы тууну орнотуу иштери жүрүүдө
-жумушчулардын саны көбөйтүлдү
Белгилей кетек, парктар менен кошо жаңы аянттын да курулушу жүрүүдө. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имаратынын алдындагы аянтта түстүү брусчаткалар улуттук колоритте жаткырылып, түрдүү иш-чараларды өткөрүүгө ыңгайлашат.
Адистер белгилегендей, курулуштун татаал бөлүгү болуп саналган жер иштери аяктады. Алдыда жер бетиндеги курулуш жанданып, парк көркүнө чыга баштады.
Эске салсак, парктардын курулушуна быйыл 7-февралда мезгил кутусу салынган.
Долбоордун аяктоо мөөнөтү 2026-жылдын январь айы. Бирок курулуш мөөнөтүнөн мурда, октябрь айында бүткөрүлүп, 13-октябрь облустун түзүлгөн күнүнө карата пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө.