Аламүдүн районунда бир адам түтүнгө ууланып каза тапты

Аламүдүн районундагы турак үйлөрдүн биринен өрт чыгып, бир адам түтүнгө ууланып каза тапты. Бул туурасында Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги бүгүн, 16-январда билдирди. 

Маалыматка караганда, өрт кырсыгы 15-январда катталган. Өрт өчүрүүчүлөр айтылган дарекке барышканда, турак үйдүн бөлмөсүндөгү төшөнчүлөр, кийимдер күйүп кеткен. Ошондой эле өрт өчүрүүчүлөр бөлмөдөн түтүнгө ууланган адамдын денесин табышкан. Ал бул үйдү ижарага алып жашачу. Тилсиз жоо тамеки тартуудагы этиятсыздыктан улам келип чыкканы болжомолдонууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
uson.abdullov
2014-01-16 10:36:44
тамекиден электир жабдууларыдан коро беришет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан