Биз социалдык тармакта

Бишкек-Ош жолунда Нарын дарыясынын үстүнөн жаңы көпүрө куруу пландалууда

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) туруктуу өкүлү Нишигато Котаро менен биргеликте "Бишкек-Ош унаа жолундагы Нарын дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнү куруу" долбооруна даярдык көрүү боюнча талкуунун алгачкы протоколуна кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.
Долбоор транспорттук байланышты жакшыртуу үчүн Бишкек-Ош унаа жолунун 315-чакырымындагы көпүрөнү куруу аркылуу коопсуз кыймылды камсыздоо максатын көздөйт.
Белгилей кетсек, буга чейин жүргүзүлгөн изилдөө иштеринин натыйжасында 1974-жылы курулган көпүрө реконструкцияга муктаж экени аныкталган. Натыйжада Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан жанына жаңы көпүрө куруу чечими кабыл алынган.
Бүгүнкү күндө министрлик "Бишкек-Ош унаа жолундагы Нарын дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнү куруу" долбооруна даярдык көрүү боюнча отчёттун мазмуну менен таанышып чыкты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан