Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов "Ош облусунун ардактуу атуулу" наамы менен сыйланды. Бул тууралуу облус өкүлчүлүгү билдирди.
Наамды бүгүн, 5-сентябрда облус башчысы Элчибек Жантаев тапшырды.
Облус жетекчиси куттуктоо сөз сүйлөп, БШКнын мүчөсүн өлкөгө жана аймакка сиңирген эмгегин жогору баалап, мындан аркы ишинде ийгиликтерди каалады.