Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Достук айылындагы "Достук-Кадырбек" айыл чарба кооперативи быйылкы жылы дагы жогорку түшүмгө жетишкендигин билдирди.
Министрликтин колдоосу жана жүргүзүлгөн лабораториялык анализдердин жыйынтыгында өсүмдүктөргө керектүү азык заттар убагында берилген. Натыйжада түшүмдүүлүк 2023-2024-жылдарга салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Кооператив жалпы 6 гектар аянттан 16,5 тонна кургатылган өрүк алып, ички жана тышкы рынокко чыгарууга даярдап жатат.
Кооперативдин продукциясы буга чейин да чет өлкөгө экспорттолгон:
Учурда болсо кооператив "3+2+1" долбоорунун алкагында иш алып барып, жакшы натыйжаларга жетишүүдө.