Кыргызгидрометтен билдиргендей, эртең, 6-сентябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-9 метрге жетет.
Ал эми Ысык-Көл облусунун айрым бийик тоолуу аймактарында жаан-чачын күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +29 ... +34, Талас жергесинде +24... +29, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +30... +35, Ысык-Көлдө +22 ... +27, Нарында +23... +28 градуска көтөрүлөт.
Бишкек калаасында күндүн табы+32... +34 градуска жетет.