Биз социалдык тармакта

Ала-Бука районундагы маданий жайлар жаңыланууда

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков иш сапарынын алкагында Ала-Бука районунда болушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдирди.
Алгач алар Ш.Жоробекова атындагы Маданият үйүндө жүргүзүлгөн оңдоп-түзөө иштеринин абалы менен таанышты. Аталган мекеме 4,5 миллион сомдон ашуун каражатка реконструкцияланды.
Ошондой эле төрага жана министрдин биринчи орун басары Сафед-Булан айылындагы Шах-Фазиль мамлекеттик тарыхый-маданий корук музейинин дирекциясынын жаңы административдик имаратынын ачылыш аземине катышты.
Имараттын курулушу 2023-жылы башталып, ага жалпысынан 27 миллион сом каражат бөлүнгөн. Сапардын алкагында Шах-Фазиль эстелиги менен да таанышып, анын архитектуралык жана көркөмдүк өзгөчөлүктөрү өткөн доордун өрнөктүү мисалы гана эмес, ыйык жайлардын бири экендиги белгиленди. Зыярат кылуу учурунда күмбөздө куран окулду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан