Агартуу министри Догдургүл Кендирбаева Курулуш министрлиги мектептерди эки эле эмес андан көп кабат салса болот деген жаңы стандарт кабыл алганын билдирди. Бул тууралуу министр социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Айтымында, борбор калаага Япониядагыдай беш кабаттуу мектептер салынса, класстагы окуучулардын саны кыскармак.
"Жер тартыш жерлерге, айрыкча Бишкекке Япониядагыдай 5 кабатка чейин эң коопсуз жана заманбап мектептер салынса, класстагы окуучулардын саны азаят", - деп жазды министр.