Украина лидери Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путиндин Москвага келүү сунушун четке какты. Бул тууралуу ал ABC телеканалына берген маегинде айткан.
Буга чейин Орусия президенти Владимир Путин Зеленский менен жолугушуу мүмкүнчүлүгү тууралуу айтып, аны Москвага чакырганы маалымдалган.
"Өлкөм күн сайын ракета менен аткыланып жатканда, Москвага бара албайм", - деди Зеленский.
Ошол эле учурда ал Путин менен каалаган форматта жолугушууга даяр экенин белгиледи.