Биз социалдык тармакта

Улуу Британияда Эйнштейндин скрипкасы аукционго коюлат

Улуу Британияда окумуштуу Альберт Эйнштейнге таандык скрипка аукционго коюлат. Анын баасы болжол менен 200-300 миң фунтка (ред.: 270–405 миң доллар) деп бааланууда. Бул тууралуу 6-сентябрда Dominic Winter аукцион үйү өз сайтында кабарлады.

Маалым болгондой, аукцион 8-октябрда өтөт.

Daily Mail басылмасынын маалыматына караганда, Эйнштейн бул музыкалык аспапты 1890-жылдардын ортосунда Германиядан сатып алган.

"Кийин 1930-жылдары нацисттер бийликке келгенден кийин окумуштуу АКШга көчүп кеткен. Ал өзүнүн жеке буюмдарын — скрипкасын, велосипедин жана атасы белек кылган философиялык китебин кесиптеши, физик Макс фон Лауга калтырган.

20 жылдан кийин Лау бул буюмдарды Эйнштейндин күйөрманы, Брауншвейгден болгон Маргарете Хоммрихке тапшырган. Анын үй-бүлөсүндө бул буюм 70 жылдан ашык убакыт сакталып келген. Ал эми Хоммрихтин чөбүрөсү аны аукционго коюуну чечкен", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан