Биз социалдык тармакта

Кыргыз тасмалары Казань шаарындагы эл аралык кинофестивалда көрсөтүлөт

Бүгүн, 7-сентябрда кыргыз тасмалары Казань шаарындагы "Алтын Минбар" эл аралык кинофестивалында көрсөтүлөт. Бул тууралуу "Кыргызфильм" мекемеси маалымдады.
Алар "Эсимде", "Error 404" тасмалары жана "Муз үстүндөгү гүлдөр" сериалы.
Аталган тасмалар "Кыргызстан кино күнү" иш-чарасынын алкагында эл назарына сунушталат.
Ошондой эле киностудиянын "Качкын" тасмасы "Түрк дүйнөсүнүн кинолору" конкурстук эмес көрсөтүүлөр программасына тандалып алынды.
"6-11-сентябрь күндөрү Казань шаарында өтүүчү кинофестивалга Кыргызстандын атынан "Кыргызтасмасы" мамлекеттик киноборбору мекемесинин директору А.Түлекеев, "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын өндүрүш бөлүмүнүн башкы адиси Р.Мирланова жана "Кыргызсериал" чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмесинин директорунун орун басары катышууда", - деп билдирди мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан