Биз социалдык тармакта

"Уят эмеспи?" Токторбаев курулуш компаниялары бузган жолдор тууралуу айтты (видео)

Бүгүн, 7-сентябрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Курманжан датка көчөсүн кыдырып чыкты.

Ал жерде мэр көп кабатуу үйлөрдү куруп жаткан бир катар курулуш компаниялар айланасындагы бузган жолдорду оңдоп, асфальт төшөп бериши боюнча ээлери менен сүйлөшүүнү тапшырды.

Анткени алар курулуш иштерин жүргүзүүдө коммуникациялык тутумдарды алып өтүүдө, курулуш калдыктарын оор жүк ташуучу унаалары менен ташып чыгууда жолду бузуп, талкалашкан. Андыктан пайда таап, жалпы элдин жолун пайдаланып жаткан соң бузуп таштап койбой, оңдоп берүүгө милдеттүү экенин мэр эскертти.

"Булар (ред.: курулуш компаниялар) өздөрү талкалады жолду. Иштетти жолду. Эми муну мэрия жасашы керекпи? Жо-ок, кечирип кой. 300 метр асфальт жасай албайбы. Уят эмеспи? Алар миллондорду табышат. Жолдун абалын карагыла. Жолду талкалагандан кийин оңдоп кой да", - деди ал.

Мэрия билдиргендей, учурда бир гана “Аманат сити” курулуш компаниясы өз эсебинен көп кабаттуу үйдүн курулушун жүргүзүп жаткан жердеги Грибоедов көчөсүн толук өз эсебинен жасап жатат.
Башка дагы курулуш компаниялар бузган жолдорун жасап бериши керектиги айтылды.
07.09.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан