Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы жарандардан социалдык тармактарда коомдук чыңалууну жараткан терс маанайдагы комментарийлерди жайылтуудан алыс болууга чакырды.
"Коомдук тартипти бузуп, жалган маалыматтарды жана чакырыктарды жайылтуу үчүн мыйзам тарабынан жоопкерчилик каралганын эскертебиз", - дешти мекемеден.