Биз социалдык тармакта

Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган эл аралык айтыш өтөт

11-12-сентябрь күндөрү Ош облусунун Алай районунда Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган эл аралык айтыш уюштурулат. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүк билдирди.
Иш-чара президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен өтөт.
Программа:
11-сентябрь, 09:00 – тандоо туру. Алым сабактын негизинде 16 кыргыз акыны тандалып алынат. Жарым финалга 16 кыргыз жана 4 казак акыны катышат. Упай эсебине жараша кийинки турга 8 акын жолдомо алат.
12-сентябрь, 09:00 – финалдык айтыш. Жогорку упай топтогон 8 акын өнөр көрсөтөт.
Жалпы 16 акынга байге каралган. Анын ичинде жарым финалда упай менен калган 8 акын жана финалга өткөн 8 акын сыйлыкка ээ болушат.
Өтчү жер: Ош облусу, Алай району. Башталышы: 09:00
Ош айтыш
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан