Кот-д'Ивуардын түштүк-батышында бегемот кайыкты оодарып салып 11 адам дайынсыз жоголду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Дайынсыз жоголгондордун арасында аялдар, жаш кыздар жана ымыркай да бар.
Үч адам качып кетүүгө үлгүргөн, калгандарын издөө-куткаруу иштери уланууда.
2022-жылдагы изилдөөлөрүнө ылайык, Африка аймагында бегемоттордун кол салуусу адамдардын жаракат алышына жана өлүмүнө алып келет.