Биз социалдык тармакта

Түркияда орусиялык жарандар мечиттин жанында өбүшкөнү үчүн кармалды

Стамбулда Орусиянын жарандары Чамлыжа мечитинде өбүшкөнү үчүн кармалышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Орусиялык жубайлар мечитте сүрөткө түшүп, андан соң өбүшүп жатканы тартылган видеону жарыялаган. Сурак учурунда орусиялыктар мечиттерде мындай аракеттерге тыюу салынганын билбестигин айтып, кечирим сурашты.

Түрк басылмалары жубайларга диний сезимдерди сыйлабаган деген айып менен кылмыш иши козголгонун жана алар бир жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин билдирүүдө.

"Орусиялыктар Үскүдар райондук милициясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүдөн кийин бошотулушту",- деп билдирген башкы консулдуктан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан