
Түркиянын батыш аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Европа - Жер Ортолук деңиз сейсмология борбору билдирди.
Жер титирөөнүн очогу Балыкесир провинциясынан 58 чакырым түштүк-чыгышты көздөй, 8 чакырым тереңдикте жайгашкан. Бул аймакта 238 миңге жакын адам жашайт.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу кабар түшө элек. Кырдаал тиешелүү кызматтардын көзөмөлүндө.