Биз социалдык тармакта

Венесуэланын президенти коопсуздукту коргоо үчүн чек арага аскердик күчтөрдү жиберди

Венесуэла президенти Николас Мадуро Колумбия менен чектеш аймакка 25 миң аскер жиберүүнү буйрук кылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдашты.

Аскерлер Кариб деңизинин, Атлантика океаны жээгиндеги Нуэва-Эспарта, Сукре жана Дельта-Амакуро аймактарына жөнөтүлөт. Мобилизациянын максаты улуттук көз карандысыздыкты, коопсуздукту коргоо жана тынчтыкты сактоо.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Венесуэлада иштеп жаткан баңгизат уюмуна каршы сокку уруу планы бар экенин билдирген. Ошондой эле шектүү делген бир кеме соккуга учураган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан