Орусиянын Владимир шаарында 5-кабаттагы батирге уулуу жылан кирип кеткен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Батирдин ичиндеги жыланды биринчилерден болуп үй мышыгы байкаган. Ээси да корккон, бирок ал жыланды кире беришке чыгарып, куткаруучуларды чакырган.
Эксперттердин айтымында, 5-кабаттагы батирде мындай көрүнүш өтө сейрек кездешет. Жылан канализация же вентиляция аркылуу кирип кетиши мүмкүн. Жылан шаардын сыртындагы жаратылышка коё берилген.