Биз социалдык тармакта

ЖОЖдордогу онлайн окуу 1-октябрга чейин узартылгандыгы чындыкка дал келбейт

Айрым интернет булактарында онлайн окуу процесси 1-октябрга чейин узартыла тургандыгы боюнча тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Илим министрлиги билдирди.
Буга чейин Бишкектеги жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарына белгилүү себептерден улам 15-сентябрга чейин онлайн окууга уруксат берилген. Бул медициналык билим берүү уюмдарына тишеси жок болчу.
"15-сентябрдан баштап окуу процессин уюмдар кадимки тартипте улантат. Жалган маалыматтарга ишенбөөгө жана министрликтин расмий булактарынан гана так маалымат алууга чакырабыз",- деп белгиледи министрлик.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан