Германиянын Берлин шаарында дүйнөдө биринчи жолу Эл аралык топозчулар ассоциациясы түзүлдү.
Демилгечилер тобун Кыргызстан жана Германия ишкерлери түзүштү. Келишимге Кыргызстан тараптан "Ырыс Кырман" компаниясынын башкы директору Ырысбек Куленбеков, Германия тараптан Германия топозчулар ассоциациясынын төрагасы Альфонс Коль жана ишкер Виктор Крушинский кол коюшту.
"Бул ассоциация келечекте дүйнө жүзүндө топоз багытында иш-аракет кылып жаткан бардык топозчуларга жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет деп ишенебиз", - деди Куленбеков.