Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 15 жаштагы кыздын өлүмү боюнча кылмыш иши козголгонун Санкт-Петербург боюнча Тергөө комитетинин Башкы тергөө башкармалыгы билдирди.
Маалым болгондой, 7-сентябрь күнү кечинде Витебский проспектисиндеги мейманадан бычакталып, көптөгөн жаракаттары бар 15 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган. Тергөөдө 18 жаштагы жигит сүйлөшкөн кызын мейманканага чакырганы аныкталган. Чырдан улам бир нече жолу бычак сайган. Кылмыш жасагандан кийин кылмышка шектүү өзүнө жаракат келтирип, ооруканага жеткирилген.
Окуя болгон жерде текшерүү иштери жүргүзүлдү. Учурда окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүүдө.