Бүгүн, 8-сентябрда өлкө башчы Садыр Жапаров Нарын аба майданын ачылышына катышты.
Анда мамлекет башчысы Кытай менен 20-августта кол коюлган келишим боюнча Кашкар менен Борбор Азиянын ортосундагы каттамдар Нарын аркылуу жүргүзүлөрүн билдирди.
"30-октябрда бул аба каттамы иштеп баштайт. Натыйжада Кашкардан Борбор Азиянын бардык аэропортторуна чейинки аралык эки эсеге чейин кыскарат. Кыргызстандын транзиттик мүмкүнчүлүгү кеңейет жана өлкө стратегиялык көпүрөгө айланат",- деди ал.