Бүгүн, 8-сентябрда Ош шаарындагы Максим Горький көчөсү оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана жергиликтүү жашоочулар катышты.
Аталган көчө толук капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, асфальт басылып, тротуар жана ирригациялык лотоктор курулду.