Биз социалдык тармакта

Ош шаарынын мэри АКШнын элчиси менен жолугушту (фото)

Бүгүн, 8-сентябрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Жолугушууда тараптар Ош шаары менен АКШнын ар кандай тармактардагы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Айрыкча билим берүү, саламаттык сактоо, жаштар демилгелерин колдоо жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүү жаатында пикир алмашышты.
Мэр Жеңишбек Токторбаев шаардагы социалдык-экономикалык абал тууралуу айтып, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Элчи Лесли Вигери жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан