Биз социалдык тармакта

Кыргыз мамлекеттик куурчак театрына жаңы жетекчи дайындалды

Ставриди Руслан Болотович Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Ставриди Руслан 1963-жылы 8-декабрында Фрунзе шаарында жарык дүйнөгө келген. Орто мектепти аяктагандандан кийин 1981–1982-жылдары Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын Театралдык студиясында билим алып, 1982-84-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн.
Эмгек жолун 1984-жылы Фрунзе шаарындагы Республикалык куурчак театрында актёр болуп баштаган.
1993-1997-жылдары “Nina” кичи ишканасынын директору;
1997-2004-жылдары “Аверс” фирмасынын директордун орун басары;
2004-2008-жылдары “Кастелла” ЖЧКсы, “Dirol” – Сabiry аймактык менеджери;
2009-2023-жылдары Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын 1-категориядагы техникалык тейлөөчү кызматкери;
2023-жылдан бери Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын директордун орун басары кызмат ордунда эмгектенип келген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан