Биз социалдык тармакта

Токаев Казакстандын парламентин бир палаталуу кылууну сунуштады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев парламентти реформалоону жана аны бир палаталуу кылууну сунуштады. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Токаев 2022-жылы жарандардын көпчүлүгү парламенттин ролун кеңейтүүнү колдогонун белгилеп, бирок "бир жерде токтоп турууга болбой турганын" кошумчалады.

Ал өкмөт реформаны жылдын ичинде иштеп чыгып, 2027-жылы жалпы улуттук референдум өткөрүүгө даяр болорун айтты.

"Менин оюмча, реформанын өзгөчө мүнөзүн эске алуу менен талкуу жүргүзүүгө кеминде бир жыл кетет, андан кийин 2027-жылы жалпы улуттук референдум өткөрүп, Конституцияга керектүү өзгөртүүлөрдү киргизсе болот", — деди ал.

Казакстандын парламенти 1995-жылдан бери эки палаталуу болуп саналат. Анда Сенат жана Мажилис иштейт.

Сенат (жогорку палата) — депутаттары кыйыр жол менен маслихаттар (жергиликтүү башкаруу органдары) аркылуу шайланып, ошондой эле президент тарабынан дайындалат. Мажилис (төмөнкү палата) — депутаттары жалпы шайлоолор аркылуу шайланат жана мыйзамдарды кабыл алуунун негизги палатасы болуп эсептелет. Мажилистин 70 пайызы партиялык тизмелер боюнча, 30 пайызы бир мандаттуу округдардан шайланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан