Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдөгү Өрүктү айылында жаңы мектеп курулууда (фото)

Ысык-Көл районуна караштуу Өрүктү айылында наркы 89 миллион сомду түзгөн жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, 150 окуучуга ылайыкталган билим уясынын курулуш иштери 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
Долбоордун алкагында заманбап негизги окуу класстары менен катар лаборатория, китепкана, компьютердик класс, эмгек кабинеттер жана спортзал каралган.
Учурда курулуш-монтаждоо иштери 75 пайызга аткарылып, мектепти быйылкы жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан