Биз социалдык тармакта

Франциялык дарыгер 30 бейтапты ууландырууга шектелүүдө

Франциялык анестезиолог Фредерик Пешье 30 бейтапты ууландырууга айыпталууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

53 жаштагы дарыгер 2017-жылдан бери тергөөдө. Ал 2008-жылдан 2017-жылга чейин эки клиникада бейтаптарды ууландыруу айыбы менен айыпталууда. Дарыгердин аракетинен улам 12 бейтап операциядан кийин каза болгон деп божомолдонууда.

Анестезиологго айып тагылгандан кийин, 36 жаштагы Сандра Симард омурткасына операция жасоо учурунда жүрөгү токтоп калган. Пешье жасаган инъекция аркылуу кыз жасалма комага киргизилген жана аны сактап калууга мүмкүн болгон. Бирок анын анализдерде кандын калий концентрациясы нормага караганда жүз эсе жогору экени аныкталган. Бул факт тергөөчүлөрдө шек жараткан.

Иликтөө натыйжасында, Пешье катышкан операцияларда бейтаптардын жүрөгү күтүүсүз токтогон 30 учур аныкталган. 12 учурда бейтаптардын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Соттук териштирүү 2017-жылы башталган жана декабрга чейин улантылат. Пешье полиция көзөмөлүндө болсо да боштондукта жүрөт. Ал бардык айыптарды четке кагууда. Тергөөнүн версиясына ылайык, дарыгер кесиптештеринен өч алуу максатында мындай аракетке барган, бирок так себептери көрсөтүлгөн эмес. Эгер анын күнөөсү далилденсе, ал өмүр бою эркинен ажыратылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан