Биз социалдык тармакта

Хуситтер Израилдеги өзөктүк борбор жайгашкан аймакка сокку урду

Йемендин түндүгүндө бийлик жүргүзгөн хуситтер кыймылы биринчи жолу Израилдин түштүгүндөгү Димона шаарына жакын жайгашкан өзөктүк изилдөө борбору бар аймакка сокку жасаганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Хуситтердин аскердик күчтөрү Telegram-каналында: "Экинчи күн катары менен Йемендин аба күчтөрү үч учкучсуз учуучу аппаратты колдонуп, оккупацияланган Палестина аймагында сапаттуу аскердик операция жүргүздү", - деп билдирүү жасады.

Маалыматта айтылгандай, операциянын негизги буталары Яффодогу Лод аэропортуна (Бен-Гурион), Умм-эр-Рашраштагы Рамон аэропортуна (Эйлат) жана Димонадагы маанилүү стратегиялык борборго жасалган.

Учурда жабыркагандар боюнча расмий маалымат бериле элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан