Нетаньяху акыркы күндөрдө Израил күчтөрү Газада ХАМАС кыймылы колдонгон 50 бийик имаратты талкалаганын билдирди.
"Мунун баары — негизги күчтүү операциянын, биздин күчтөрдүн киришүүсү гана. Алар азыр уюшуп, Газа шаарына кирүүдө. Газа шаарынын тургундарына айтам. Мени кылдат угуп, ошол жерден кеткиле!" — деди Нетаньяху.
Бүгүн, 8-сентябрда Израил коргоо министри Исраэль Кац ХАМАС куралдарын тапшыра албаса, Газаны талкалай турганын айтып коркутту.
21-августта Нетаньяху Газа шаарына көзөмөл орнотуу жана ХАМАС кыймылын жок кылуу боюнча планды бекиткен. Бир күн мурда эле алар чабуулга киришкен. Израилдин өкүлдөрүнүн айтымында, операция 2026-жылга чейин улантылат.
Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху Газа секторуна каршы күчтүү аскердик операцияны жарыялап, жергиликтүү тургундарды шаарды таштап кетүүгө чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.