
Бишкек шаарынын Свердлов районунда жайгашкан турак үйдөн чыккан өрт саат 22:56да чектөөгө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жеринде 3 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты жана штаб өрттү өчүрүүгө тартылган.
Министрликтен билдиришкендей, Жибек Жолу менен Осмонкул көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя боюнча кошумча маалымат бериле турганы айтылды.