Бүгүн, 9-сентябрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы кыдыруусунда шаардагы Барсбек кагандын эстелигин сейил бакка көчүрүү керектигин айтты.
Анын сөзүнө караганда, айкел Касымбеков көчөсүндөгү паркка жайгаштырылмакчы.
Буга чейин калаа мэриясы Касымбеков көчөсүндө жаңы эс алуу багы түптөлөрүн билдирген.
Белгилей кетсек, Барсбек кагандын эстелиги 2011-жылы курулуп, жергиликтүү бюджеттен 11 миллион сом сарпталган.