Биз социалдык тармакта

Түркиянын Эгей деңизинде 5,1 баллдык жер титирөө катталды

Эгей деңизинде жергиликтүү убакыт менен түнкү саат 00:27де күчү 5,1 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Түркиянын Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу башкармалыгынын (AFAD) сайты маалымдады.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Эгей деңизинде болуп, ал Измир шаарынын Чешме районунан 183 чакырым алыстыкта жайгашты. Силкинүү жер астынан 7 чакырым тереңдикте катталган.

Афинанын тийиштүү кызматтары жер титирөөнүн очогу Эгейдеги Эвбея (Эгрибоз) аралында болгон билдирди. Силкинүү аралдан болжол менен 60 чакырым алыстыкта жайгашкан Грециянын борбору Афина шаарында да катуу сезилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан