Бишкек шаарынын Свердлов районунда жайгашкан көп кабаттуу турак жайда чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, тилсиз жоо 8-сентябрь күнү кечки саат 22:00 чамасында Жибек-Жолу менен Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйдөн тутанган. Окуя болгон жерге дароо 3 өрт өчүрүүчү бригада, 1 автошаты жана штаб жөнөтүлүп, ыкчам аракеттер көрүлгөн.
Өрт 22:56да чектөөгө алынып, 23:21де толук өчүрүлгөн. Жалпы күйгөн аянт 400 чарчы метрди түзгөнү маалым болду. Жабыркагандар жок.
ӨКМ учурда өрттүн келип чыгуу себебин тактап, тиешелүү текшерүү иштерин жүргүзүүдө.