Каракол шаарынын аймагында жаш өспүрүмдөрдүн түнкү убакытта көчөдө негизсиз жүрүүсүнүн алдын алуу жана коомдук тартипти камсыздоо максатында “Өспүрүм түн” аттуу рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Иш-чаранын алкагында укук коргоо органдары тарабынан түнкү сааттарда жашы жете электерге көзөмөл жүргүзүлүп, мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча иштер аткарылууда. Ата-энелерге жана өспүрүмдөргө тиешелүү эскертүүлөр берилүүдө.
Мындай рейддер жаштар арасында укуктук тартипти бекемдөөгө жана кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган.